Жекшембиге карата аба ырайы

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу ӨКМге караштуу Кыргызгидромет маалымдады.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. 22-сентябрь, жекшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Абанын температурасы Чүй, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +30...+35, Таласта +28...+33, Нарын жергесинде +22...+27, Ысык-Көл өрөөнүндө +19...+24 градус ысык болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы +32 ... +34 градуска жетери айтылды.