Бишкектеги жол кырсыгынан бир адам каза болду

Алдын ала маалыматтарга ылайык, айдоочу даракты сүзгөн. Ал оор жаракат алып, ооруканага жетпей каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Борбор калаада жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу күбө билдирди.

Аталган маалыматты Тез жардам кызматынан да тастыкташты. Жол кырсыгы саат 21.40тар чамасында Калык Акиев менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу тез жардам унаасы келгенге чейин эле көз жумган.

Бишкек шаардык ЖКККБдан да кырсык болгонун билдиришти.