Жогорку Кеңеш кантип тарайт? Жол-жобосу

Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуу үчүн канча добуш керек? Шайлоо качан өтүшү зарыл? Анын башка шайлоолордон айырмасы эмне?
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Айрым ЖМКлар Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркап, парламенттик шайлоо боло турганын жазышты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Конституцияга таянуу менен Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуу процесси кандай жүрөрүн иликтеп чыкты. Айрым учурларды Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов түшүндүрүп берди.

Депутат жабык эшик артында айтылган сындардын четин чыгарды
Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу аракеттеринин жол-жобосу Конституциянын 78-беренесинде так жазылган. Ага ылайык, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү гана тарката алат. Мындай чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы мүмкүн. Башкача айтканда, эң аз дегенде 80 депутаттын "макул" деген добушу керек. Президент ошол күндөн тартып беш күн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Эгер президент берилген мөөнөттө шайлоонун күнүн аныктабаса, датаны Борбордук шайлоо комиссиясы белгилейт.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалгандан тартып 45 күндөн кечиктирилбестен шайлоо өткөрүлүшү керек. Башкача айтканда, парламент өзүн-өзү таркаткандан соң 50 күндүн ичинде шайлоо болушу шарт.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылат. Бул жерде сөз талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт иштери тууралуу болуп жатат.

Жогорку Кеңешке келе турчу партия шайлоого катышкандардын 9 пайыздан кем эмес добушун, башкача айтканда, ар бир облустан жана Бишкек менен Ош шаарларынан 0,7 пайыз добуш алышы кажет.

Депутат парламентти аралап жүргөн "монстр" тууралуу айтып берди
Парламентте эң аз дегенде эки фракция болушу керек. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча саясий партияга парламентте 65тен ашык мандат берилбейт.

Жогорку Кеңеш биринчи сессияга шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан кийин 15 күндөн кечикпестен чогулат.

Жаңы чакырылыштагы парламенттин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып өкмөт отставкага кетти деп саналып, өкмөттүн курамы аныкталганга чейин өкмөт мүчөлөрү милдетин аткаруучу макамында болот.

Мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат.