Сооронбай Жээнбеков балбан Айсулуу Тыныбекованы телефон чалып куттуктады

Кыргызстандык балбан болгариялык спортчу менен кез келип, жеңишке жетти. Ага чейин төрт атаандашын утуп алган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова менен телефон аркылуу сүйлөшүп, куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Бул күндү 10 жыл күткөм! Тыныбекованын жеңишинен кийинки видеосу
Белгилей кетсек, чемпионат Нур-Султан шаарында өтүп, кыргызстандык балбан финалдык бөлүктө болгариялык спортчу Тайбе Юсейнди 5:3 эсеби менен утуп алды. Тыныбекова Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын алган алгачкы спортчу болуп калды.

Президент Тыныбекова менен сүйлөшүп жатып, анын жеңиши жалпы кыргыз элинин сыймыгы экенин белгиледи.

Өз кезегинде чемпион кыз президентке куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, беттештерге чыкканда мекендештеринин колдоосун сезип турганын айтты. Тыныбекова өлкө башчысына жеңишин өлкөгө жана жалпы кыргызстандыктарга арнай турганын кошумчалады.