Жаратылыш жаңылдыбы? Кенияда зебранын өзгөчө кулуну туулду. Сүрөт

Корукка дал ушул адаттан тышкаркы кулунду көргөнү келген туристтер менен фотографтардын узун кезеги пайда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кениядагы Масаи-Мара коругунда адаттан тышкаркы, башкача көрүнүштөгү зебранын кулуну пайда болду. Бул туурасында Pulse Live порталы жазган.

Кадимки зебралардын ак-кара темгилдери узунан кетсе, бул кичинекей жаныбар ата-энесинен өзгөчөлөнүп, тактары тегерек-тегерек болуп туулган.

"Анын сырткы көрүнүшүнүн башкача болуп жарык дүйнөгө келиши генетикалык аномалияга байланыштуу, теринин тактарына таасирин тийгизген меланин көп болуп кеткен", — деп айтылган маалыматта.

Унаага баш салып туристтердин тамагынан ооз тийген зебра. Күлкүлүү видео
Портал ак-кара тактары терисинде узатасынан эмес, тегерек болуп түшкөн зебранын пайда болушу коомчулуктун кызыгуусун жараткандыгын жазган. Корукка дал ушул адаттан тышкаркы кулунду көргөнү келген туристтер менен фотографтардын узун кезеги пайда болгон.

Масаи-Мара улуттук паркы саванналардын аймагында жайгашкан. Ал Кениянын түштүк-батышынан тарта чек араны бойлой Танзанияга чейин созулат. Бул жерде арстандар, гепарддар, пилдер, керик, зебралар жана дагы бир топ жаныбарлар бар.