Бишкекте үйлөрдүн биринен уурдалган буюмдар табылды. Сүрөт

Үйдөн түрдүү моделдеги ноутбуктар, телевизорлор, сканерлер, чаң соргуч, шуба менен дублёнкалар табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкектеги үйлөрдүн биринен уурдалган буюмдар табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден кабарлашты.

Үстүбүздөгү жылдын август айында Сокулук районуна караштуу Селекция айылынын тургуну милицияга кайрылып, белгисиз адамдар үйүнөн акчасын, зер буюмдарын жана уюлдук аппараттарын уурдап кеткенин айтып, арыз жазган. Тергөөчүлөр уурдалган уюлдук аппараттардын бири кээде иштеп, кээде өчүп калып жатканын аныкташкан. Анын арты менен шектүүнүн жүргөн жерин табууга мүмкүн болгон.

7-сентябрда укук коргоочулар борбор калаадагы үйлөрдүн бирин тинтүүгө алышкан. Натыйжада түрдүү моделдеги ноутбуктар, телевизорлор, сканерлер, чаң соргучтар, шуба жана дублёнкалар табылган.

Бул буюмдардын ээлери (0312) 60-75-67, (03134) 5-33-80, (0700) 11-31-76, (0700) 52-03-05 номерлери аркылуу байланышка чыга алат.