БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жекшемби күнү, 22-сентябрда, Бишкекте 17 мамлекеттен келген 1470 спортчу эл аралык жарым марафондо чуркайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара саат 9:00дө Арча-Бешик конушундагы "Газпром" дене тарбия комплексинин жанында башталып, спортчулар 7-апрель көчөсүн көздөй, батыштан чыгышты карай чуркашат.
Катыша тургандар 3, 10 жана 21 чакырымга чуркап күч сынашат.
"Байге фонду 504 миң сомду түзөт. 21 чакырымга чуркап биринчи келген спортчуга 100 миң сом, экинчи келгенге 70 жана үчүнчү келгенге 50 миң сом берилет", — деп айтылат маалыматта.
Мэриянын кабарлашынча, Бишкекте жарым марафон эки жыл мурда өтүп, ага 15 мамлекеттен 1600 спортчу катышкан. Ал эми былтыркы жарышка 23 мамлекеттен 1800 спортчу келген.
Муниципалитет 22-сентябрда саат 8:30дан тарта 12:30га чейин Апсамат Масалиев менен Аалы Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөлөрү Чортеков көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин жабыла турганын эскертти. Түштүк магистралдын бир тилкеси эки тараптуу болот.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.