БИШКЕК, 20-cен. — Sputnik. Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында мелдешке чыккан Ош облусунун командасы Бишкек шаарынын улакчыларын жеңип алды.
Жарым финалдагы таймашта Ош 8:5 эсеби менен жеңишти камсыздады.
Бул команда эртең, 21-августта, Чүй облусу менен баш байге үчүн күч сынашмакчы.
Эскерте кетсек, Чүй жарым финалда Талас облусунун командасын 5:2 эсебинде утуп алган.
Ал эми жарым финалда жеңилген командалар (Талас менен Бишкек шаары) да эртең 3-орун үчүн оюн талаасына чыгат.