БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкекте 23-30-сентябрь аралыгында "Кан басымыңды билип ал" акциясы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борбору үй-бүлөлүк медицина борбору менен биргеликте шаар боюнча артериялык кан басымды өлчөгөн пункттарды уюштурат.
"Ар бир жаран кан басымын билип, эгер көтөрүлүп кетсе медкызматкерден бекер кеңеш ала алат. Мындан сырткары, жарандарга артериялык кан басымдын жогорулашынын себептери жана оорулардын алдын алуу боюнча маалымат жазылган брошюралар берилет", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чара 29-сентябрда өтө турган жүрөк күнүнө карата уюштурулууда.
Элди караган жайлар эртең мененки саат 9.00дөн кечки саат 17.00гө чейин иштейт.
Даректери:
Бишкек шаарынын мэриясы;
КТРК;
Свердлов району: муниципалдык райадминистрация, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, "Айпери" дүкөнү, "Дордой Плаза", "Аю Гранд", "Мегакомфорт" соода борборлорунда, калкты тейлөө борборлорунда, "Глобус", "Народный" гипермаркеттеринде, "Чынар", "Чолпон", "Аламүдүн" базарларында.
Биринчи Май району: акимиат, "Азиз" рыногу, "Фрунзе" гипермаркети, КРнын социалдык фонду, Биринчи Май ЗАГСы, Бишкектеги сыноо борбору, сертификация жана метрология, Күрөңкеев атындагы музыкалык училище, "Шекер" соода борбору.
Ленин району: акимиат, билим берүү башкармалыгы, "Глобус", "Бишкек парк", "Фрунзе", "Азия Молл", "Народный", "Берекет Гранд" соода борборлору, Ленин райондук аскер комиссариаты, "Солнышко" дүкөнү, Ош базары.