БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка арка орнотуу үчүн эки эскиз иштеп чыгып, шаардыктардан ылайыктуусун тандоого жардам сурады.
Эске салсак, жаз айларында "Бишкекбашкыархитектура" Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакты жакшыртуу боюнча мыкты долбоор иштеп чыгуу үчүн архитекторлор менен урбанисттер арасында кайрадан конкурс жарыялаган. Ага 11 чыгармачыл жамаат катышкан.
"Жайында калыстар тобу сынактын жыйынтыгын чыгарган. Биринчи орун скульптор Азамат Абдраимовдун эмгегине ыйгарылса, экинчини Эмил Турдалиев алды. Ал эми үчүнчү орунга Тамила Мамытова татыган", — деп айтылат маалыматта.
Бирок арканын архитектуралык-композициясы бүтпөй калгандыктан калаа мэри Азиз Суракматов эскиздик долбоорду кайрадан коомдук талкууга коюп, шаардыктардын пикирин эске алуу менен чечим чыгаруу тапшырмасын берген.
Белгилей кетчү жагдай, долбоорлор "Бишкекбашкыархитектура" ишканасы менен жеке ишканалар тарабынан даярдалган.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.