Тыныбекова менен финалда күрөшө турчу болгариялык спортчу тууралуу эмне белгилүү?

Sputnik агенттиги дүйнө чемпионатынын финалында кыргызстандык балбан менен күч сынаша турчу болгариялык спортчунун карьерасына көз жүгүрттү.
Sputnik

БИШКЕК, 20-cен. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык кыз болду.

Балбан килем бетинде 62 килограмм салмакта күч сынашат. Ал кечээ, 19-сентябрда, Нур-Султан (Казакстан) шаарындагы дүйнө чемпионатынын жарым финалында Азия оюндарынын коло байге ээси, түндүк кореялык Йонг Сим Римди 7:0 эсеби менен утту

Кылганым мекеним үчүн! Тыныбекова жеңишинен кийин кыргыз элине кайрылды
Ошол эле күнү жарым финалда болгариялык Тайбе Юсейн дагы жеңишин майрамдаган. Эми ал кыргызстандык балбан менен беттешмекчи.

Мелдешке чейин Sputnik редакциясы Тыныбекованын каршылашынын спорттук карьерасына көз жүгүрттү.

Тайбе Юсейн 28 жашта. Спортко 15 жашынан бери аралашып келет. Алгачкы жолу ири мелдеш катары Европанын кадеттер арасындагы чемпионатка катышып, коло байге алган.

2012-2013-жылдары дүйнө чемпионатынан күмүш медаль алган.

2014-2015-жылдары дүйнө биринчилигинен үчүнчү орунду ээлеген.

2016-жылы болсо Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарына катышып, жалпы эсепте 13-орунга илинген.

2018-жылы Европанын жана дүйнөнүн чемпиону болгон.