Радио

Пакыров: жаңы муундун ишкерлери дүйнөлүк рынокко чыгууга умтулушууда

ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров Кыргызстанда ишкерликти заман талабына жараша өнүктүрүүгө тийиштүү шарттар түзүлбөй жатканын айтты.
Sputnik
Пакыров: жаңы муундун ишкерлери дүйнөлүк рынокко чыгууга умтулушууда

Бүгүнкү күндө жаңы муундун ишкерлери глобалдуу ой жүгүртүп, дүйнөлүк рыноктун талаптарына жараша иш алып барууга кызыкдар. Бул тууралуу Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер бизнестин өнүгүүсүнө ылайыктуу шарттар түзүлбөсө, ишкерлер андай мүмкүнчүлүктү чет жактан издей башташат. Демек өлкөнүн экономикасына түшчү каражат башка жакка агып кетет.

"Азыркы учурда кээ бир чиновниктер жана коомчулуктун айрым катмары бизнесмендерди алдамчы, спекулянт, акчасы көп адам катары көрүп, эски стереотиптерден арыла албай жатышат. Бүгүн заман башка. Өлкө экономикасы түздөн-түз ишкерликке көз каранды. Анткени бизде өнөр жай тармагы эч өнүккөн эмес, мунай, газ сыяктуу кен байлыктарыбыз жок жана инвестиция тартуу менен экспорттун көрсөткүчү өтө төмөн. Мындан улам өлкө казынасын толтура турчу туруктуу булак — бизнес тармагы. Бизнесмендерди жаратман, жумуш ордун түзүүчү, салык төлөөчү адам катары таанышыбыз абзел. Ансыз өнүгө албайбыз. Азыркы тапта ишкерлердин жаңы мууну өсүп чыкты. Алар глобалдык деңгээлде ой жүгүртүп, дүйнөлүк рынокто иш алып барууга ынтызар. Санариптешүү доорунда жашап жатканыбызга байланыштуу IT-адистерине жана бул жааттагы кызматтарга талап күч. Мына ушул багытта кыргыз бизнесин өнүктүрсөк болот. Кызмат көрсөтүү жаатында да ишкерликти эл аралык деңгээлге чыгаруу мүмкүн. Болгону колдоо керек", — деди Пакыров.

Ошондой эле ал ЕАЭБдин алкагында түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстан толук кандуу колдоно албай жатканын кошумчалады.