Ар бир облус каада-салт менен өнөрүн көрсөтүүдө. Таластан алынган сүрөттөр

Иш-чара "Көчмөндөр ыр сунат" кечки концерттик программа менен жыйынтыкталат. Аны улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу бөлүгү, тагыраагы, парад, театрлаштырылган иш-чара коштойт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бүгүн Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Программа боюнча алгач маданий программасын тартуулоо кезеги Баткен, Нарын, Ош облустары менен Бишкек шаарына берилди. Ал эми 20-сентябрда Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жана "Ала-Тоо айымдары" коомдук-экологиялык бирикмесинин театрлаштырылган оюн-зоок программалары сунушталат.

19-сентябрда "Айгүл гүлү" театрлаштырылган оюн-зоок программасы болуп, анда улуттук ыр-бийлер, салттуу кийим-кечелер, боз үй жасалгалары, көчмөн эл колдонгон тамак-аштар, элдик көркөм кол өнөрчүлүк боюнча сынактар болду. Андан сырткары, кыргыздын улуттук боз үйүн тез арада чечүү боюнча жарышты.

ИИМ: Көчмөндөр оюну учурунда коомдук тартипке 800 милиционер көз салат
Мындан сырткары, "Достук шаары", "Саймалуу-Таш", "Улуу жибек жолу" жана "Сулайман-Тоо" театрлаштырылган оюн-зоок программалары да тартууланып, аны "Көчмөндөр ыр сунат" деп аталган кечки концерттик программа жыйынтыктайт.

Эртең, 20-сентябрда, жогорудагы эле конкурстар "Манас", "Бурана", "Көл баяны" программаларынын алдында өтүп, республикалык "Улуттук каада-салт", "Баланы бешикке салуу" сынагы болот. Улуттук көчмөндөр оюндарынын жабылгандагы салтанаттуу бөлүгү парад, театрлаштырылган иш-чара менен коштолот.

Бул иш-чаралар ошол жерде уюштурулган ар бир облустун өзүнүн борборлорунда элге тартууланат. Ал эми жыйынтыктоочу бөлүгү "Манас Ордо" комплексинин сахнасында өтмөкчү.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.