Таласта сугат каналын курган жакыр үй-бүлөлөр ун, май менен камсыздалууда

Талас облусунда БУУ ДАТП Россиянын каржылык колдоосу менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында 83 талаа долбоорун ишке ашырды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл аймагында узундугу 600 метрлик сугат канал курулууда.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Россия мамлекети БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) аркылуу каржылык колдоо көрсөттү. Ал эми курулуш материалдары, техника жергиликтүү бийлик тарабынан берилди.

Бүгүн, 19-сентябрда, БУУ ДАТПнын Кыргызстандагы директору Андреа Баньоли курулуп жаткан канал менен жерине барып таанышты.

Аталган долбоордун негизги максаты — дыйкандардын эгининин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү.

Бул каналды куруп жаткан 34 жумушчу - Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин каттоосунда турган айылдагы жакыр үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү. Алар жумуш менен камсыздалып, акысына 11,7 тонна ун жана өсүмдүк майы берилет.

Айылдагы "Сары-Көбөн" Суу пайдалануучулар ассоциациясынын директору Руслан Дүйшөнов бул долбоор ишке ашкандан кийин 200дөн ашык дыйкандын эгин талаасына суу үзгүлтүксүз жетерин билдирди.

"Буга чейин башка долбоорлор менен 1,2 чакырым канал курганбыз. Муну бүтүрсөк 2 чакырым жерге суу жетет.
Азыр суу арык менен аккандыктан жарым-жартылайы жолдон сиңип кетип, чөптөр тосуп калчу. Каналды дагы 2 чакырым ылдыйга жеткирип алсак толугу менен камсыздалат", — деди Дүйшөнов.

Ак-Чий айылындагы дыйкандар көбүнчө төө буурчак, буудай, кызылча жана жүгөрү өстүрүү менен алектенет. Жердин аянты 1230 гектар, аны 250 кожолук иштетет.

Кыргызстан БУУга мүчө болуп эмнеге жетишти? Акыркы 26 жылдын жүзү
Бирок сугат каналдары көп жылдан бери калыбына келтирилбегени үчүн суу толук жетпей, жакшы түшүм ала албай кыйналышчу.

Талас облусунда БУУ ДАТП Россиянын каржылык колдоосу менен сугат каналдарды калыбына келтирүү, таза суу менен камсыз кылган системаларды орнотуу, көпүрө куруу сыяктуу 83 талаа долбоорун ишке ашырды. Ага 1000 аялуу үй-бүлө катышып, азык-түлүк коопсуздугун жакшырта алган.

Мындай грант Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында берилет.