Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Артист Жамал Сейдакматова менен комузчу Самарбүбү Токтакунова баш болгон 167 адам сыйлыкка татыктуу болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, "Ала-Арча" резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт мыкты айыл өкмөттөрдү 6 млн. сом менен сыйлады. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси
Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндөгү Жарлыкка эгемендүүлүк күнүнө карата 29-августта кол коюлган. Анда артист Жамал Сейдакматова менен комузчу Самарбүбү Токтакунова баш болгон 167 адам сыйлыкка татыган.

Мамлекеттик сыйлыкка татыган адамдардын толук тизмесин Кыргызстандын президентинин расмий сайтынан окусаңыздар болот.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.