Ажайып сулуу! Кыргызстандык гимнасттар дүйнө чемпионатына катышууда. Сүрөт

Федерациядан мелдешке өлкө атынан Айша Изабекова менен Агата Быковская катышып жатканын билдиришти. Кыздар 16-17 жашта.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызстандык гимнаст кыздар Азербайжанда өтүп жаткан дүйнө чемпионатына катышууда. Бул тууралуу аталган федерациянын вице-президенти Назира Айдарова кабарлады. 

Ажайып сулуу! Кыргызстандык гимнасттар дүйнө чемпионатына катышууда. Сүрөт

Дүйнө чемпионаты Азербайжандын борбор шаары Бакуда 16-сентябрда башталган, эми 22-сентябрда жыйынтыкталмакчы. Мелдештин жыйынтыгы менен Олимпиада оюндарына жолдомо берилет.

Федерациядан мелдешке өлкө атынан Айша Изабекова менен Агата Быковская катышып жатканы маалым болду. Кыздар 16-17 жашта.

"Гимнасттар үчтөн бий бийледи, эми дагы бирден бийлери бар. Чемпионатка 180ден ашык спортчу катышууда. Атаандаштык абдан күч. Мындай ири мелдешке катышуунун өзү жеңиш", — деди федерация өкүлү.

Айдарованын айтымында, гимнасттардын спорт чебери наамы бар. Айша Изабекова 2018-жылы Азия кубогунан коло медаль алган.