Кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон 8 кишиге операция жасалды

Жалпы жонунан 13 адам жабыркаган. Алардын 10ну Бишкекте болсо, үчөө Лейлек районунда. Ал эми 41 жаштагы чек арачы каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жабыркаган 10 адамдын сегизине операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, операциялар ийгиликтүү аяктады. Бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө жана бардыгынын абалы туруктуу.

Операция болгондордун тизмеси:

  • Ж.Б., 1978-жылы төрөлгөн — моюн жагына кирип кеткен жат нерсе чыгарылды. Жакында операциянын экинчи этабы болот.
  • Р.у.О., 2005-жылы төрөлгөн — моюн жагына кирип кеткен жат нерсе чыгарылды.
  • Т.у.М., 1996-жылы төрөлгөн — ийини сынып кеткенине байланыштуу операция жасалды. Жакында экинчи операция жасалат.
  • А. З., 1978-жылы төрөлгөн — сол ийининен жат нерсе чыгарылды.
  • Ы. К., 1976-жылы төрөлгөн — санынан жат нерсе чыгарылды.
  • У. Р., 1978-жылы төрөлгөн — согончогунан жат нерсе чыгарылды.
  • С. Ж., 1980-жылы төрөлгөн — омурткасынан жат нерсе чыгарылды.
  • Б. Г., 1995-жылы төрөлгөн — шыйрагынан жат нерсе чыгарылды.

Мындан сырткары, Лейлек аймактык ооруканасында үч жабырлануучу жатат. Экөөнүн абалы оор.

  • Ал эми 1992-жылкы К.К., аттуу жигиттин абалы өтө оор, комада.

Чек ара кызматынын жетекчиси Шаршеев чыр курулуштан чыкканын тастыктады
Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Алардын ону Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна алып келинсе, үчөө Лейлектеги ооруканада калды.

Чырдын кесепетинен Тажикстандын үч аскер кызматкери набыт болгону айтылган.

Ал эми кечээ кечинде тажикстандыктар чырга себепкер болгон курулушту токтоткону белгилүү болду.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.