Депутаттар тартышып жатып чек ара маселесин жашыруун карамай болушту

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 16-сентябрь күнү кечке жуук чыккан. Жаңжалдан Кыргызстандан бир жоокер, ал эми коңшу өлкөдөн үч аскер кызматкери каза тапканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жабык эшик артында кароону сунуштады. Спикер буга Конституциядагы берене жол берерин жүйө келтирди.

Исхак Масалиев ачык эле талкуулоо керектигин айтты. Ал буга чейин да чек ара маселелери жабык болуп келип, бүгүнкү абалга келгенин билдирди.

Депутат: чек арада кемпир-чалдар эле калды
Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов премьердин маалыматын ачык угуп, талкууну жабык кылууну сунуштады.

Жыйынтыгында депутаттар добуш берип, жыйын жабык өтмөй болду.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Алардын ону Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна алып келинсе, үчөө Лейлектеги ооруканада калды.

Ал эми кечээ кечинде тажикстандыктар чырга себепкер болгон курулушту токтоткону белгилүү болду.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.