Жаңжал чыккан Максат айылында окуу процесси жанданды

Бүгүн 196 окуучунун 50сү сабакка катышты. Калгандары кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Максат орто мектебинде бүгүн, 19-сентябрда, окуу процесси кайрадан башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 196 окуучунун 50сү бүгүнкү сабакка катышты. Калгандары кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө кеткен.

"Ошондой эле коңшу Бешкент айыл өкмөтүндөгү Момунов атындагы орто мектебинде да окуу процесси бүгүн калыбына келди. Билим уясында жалпы 305 окуучу бар", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле чек арадагы атышуудан жабыркаган Максат айылындагы мектептин мугалими Замир Адинаев менен 8-класстын окуучусу Өткүрбек Раимберди уулунан билим берүү министри кабар алып, каржылык колдоо көрсөткөнү маалымдалды.

Кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон 8 кишиге операция жасалды
Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Алардын ону Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна алып келинсе, үчөө Лейлектеги ооруканада калды.

Чырдын кесепетинен Тажикстандын үч аскер кызматкери набыт болгону айтылган.

Ал эми кечээ кечинде тажикстандыктар чырга себепкер болгон курулушту токтоткону белгилүү болду.