Тыныбекова япониялык кызды таза жеңиш менен утуп, чейрек финалга чыкты. Видео

Балбан кыз алгачкы кармашында мексикалык Алехандра Ромеро Бонильяны 8:0 эсеби менен утуп алган болчу. Спортчу 62 килограмм салмакта күч сынашууда.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын 8/1 финалында япониялык Юкако Каваини таза жеңиш менен утту. Бул туурасында Бириккен күрөш федерациясынын (UWW) расмий сайтында көрсөтүлдү.

Ушул тапта Казакстандын Нур-Султан шаарында күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Ал Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо берчү турнир болуп эсептелет.

Намыска жарады! Балбан Атабек Азисбеков Олимпиада оюндарына лицензия утту
Алгачкы кармашында кыргызстандык спортчу мексикалык Алехандра Ромеро Бонильяны 8:0 эсеби менен утуп алган болчу.

Каваини Тыныбекова быйыл Кытайда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында 8:5 упай эсебинде утуп, чемпион болгон.

Белгилей кетсек, ири турнир 14-сентябрда башталган, эми 22-сентябрда жыйынтыкталат. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбандары күчүн сынап, Атабек Азисбеков гана бешинчи орунду алып, Токио Олимпиадасына жолдомо алды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.