Депутаттар чек арада каза болгон жоокердин бүлөсүнө бир күндүк маянасын бөлөт

Лейлек районундагы Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок атылып, анын кесепетинен Кыргызстандан бир аскер каза болуп, 13 киши жаракат алды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев кыргыз-тажик чек арасында жана Кой-Таш окуясында каза болгон аскерлердин үй-бүлөсүнүн ар бирине депутаттардын бир күндүк маянасын бөлүп жардам көрсөтүүсүн сунуштады.

Төрага Дастан Жумабеков бул боюнча токтом кабыл алууга регламент жол бербей турганын, бирок депутаттын сунушун колдоп, өзү биринчи эки күндүк маянасын эки жоокердин үй-бүлөсүнө бере турганын айтты.

Абылгазиев Тажикстандын премьер-министри менен жолукту. Козголгон маселелер
Депутаттар ошондой эле бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы Максат айылында болгон атышуу тууралуу өкмөттүн маалыматын угушмакчы.

Эске салсак, 2019-жылдын 16-сентябрында кечке жуук тажик чек арачылары Лейлек районундагы Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен Кыргызстандан бир аскер каза болуп, 13 киши жаракат алды. Жабырлануучулардын жетөө аскер кызматкери болсо, алтоо — жай тургундар. Баарына медициналык жардам берилип, 10 бейтап Бишкекке учак менен алып келинди. Эки аскердин абалы оор.

Мындан сырткары, Тажикстандын да үч аскери чек арадагы атышуудан каза болгону айтылды.

Ал эми 7-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда атайын даярдыктагы аскери Үсөнбек Ниязбеков каза болгон болчу.