Чүй: милиция жоголгон өспүрүмдү издеп жатат. Сүрөт

Бала 15-сентябрь күнү саат 17:30дар чамасында Ивановка айылындагы үйүнөн чыгып кетип, ошол боюнча белгисиз болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Ысык-Ата райондук милициясы үйүнөн чыккан боюнча жок болуп жаткан 12 жаштагы Ислам Айтымбетовду издеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматта өспүрүм 15-сентябрь күнү саат 17:30дар чамасында Ивановка айылындагы үйүнөн чыгып, кайра кайрылып келбегендиги айтылды. 

Чүй: милиция жоголгон өспүрүмдү издеп жатат. Сүрөт

Белгилери:

Жоголуп кеткен эки кыз менен бир бала Токмоктон табылды
Бою 155-160 см., арыкчырай, көздөрү кара жана бүтүк. Оң көзүнө 5 см. жакын жеринде тырыгы бар.

Кийими: капюшондуу боз кофта, боз түстүү шым. Бутунда көк сланцы кийип жүргөн. Балким, эски велосипедчен болгон.

Тартип сакчылары Айтымбетовду көргөн-билгендер болсо милициянын Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн 0(312) 61-69-07, 0-3132 5-21-47, 0(708) 45-78-46, 0(701) 88-62-95 телефондоруна кабарлап коюуну өтүндү.