Тажикстандыктар Кыргызстан менен чектешкен аймактагы курулуш иштерин токтотту

Учурда "Кулунду" көзөмөл өткөрүү бекетинен Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүү жанданды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Тажикстандын жарандары Баткен районундагы Жака-Өрүк айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы курулуш иштерин токтотту. Бул тууралуу КРдин Мамлекеттик Чек ара кызматынан билдиришти.

18-сентябрь күнү саат 18.30дан тарта "Кулунду" көзөмөл өткөрүү бекетинен Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүү жанданды. Чек арадагы окуядан кийин аталган жайдын иши убактылуу токтотулган болчу.

Жээнбеков чек арада ок жеп Бишкекке алып келинген бейтаптарды көрдү. Сүрөттөр
Учурда өткөрүү бекетинин бардык беш пункту тең штаттык режимде иштеп жатат. Чек арадагы абал туруктуу.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, эки өлкөнүн тийиштүү тараптарынын жолугушуулары уланат.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Лейлек районундагы Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Алардын ону Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна алып келинсе, үчөө Лейлектеги ооруканада калды.

Ал эми Тажикстан тарап был чырдан үч адам каза тапкандыгын айткан. 

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.