Кыргызстандык бийкеч Ливандагы сулуулук сынагына катышып жатат. Сүрөт

Модель бир нече күндөн бери Бейрутта. Ал 22-сентябрда өтө турган финалдык кароого даярдык көрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Модель Назгүл Аттокурова Ливанда өтүп жаткан Miss Tourism Universe — 2019  сынагына ("Туризм сулуусу") Кыргызстандын атынан катышууда.

Ал конкурстагы сүрөттөрүн Instagram баракчасына жүктөгөн.

Сулуулук сынагы Ливандын борбору Бейрутта өтүп жатат. Таажы менен акчалай сыйлык үчүн 32 мамлекеттен келген бийкечтер ат салышууда.

Конкурстун финалы 22-сентябрда өтөт.

Аттокурова буга чейин "Кыргызстан сулуусу" сынагына бир нече ирет катышып, түрдүү номинацияларга ээ болгон.