Кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу айтылды

Жаңжалдан Кыргызстандан бир жоокер, Тажикстандан үч аскер кызматкери каза тапты. Окуя болгон жерге премьер Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган аткаминерлер барган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Отко май чачпагыла! УКМК элге эскертүү берди
Белгилей кетсек, эки өлкөнүн жарандары ортосунда чыр 16-сентябрь күнү кечке жуук башталган. Чырга күч түзүмдөрү да аралашып, ок атылып, натыйжада Кыргызстандан бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Ал эми Тажикстандан үч аскер кызматкери набыт болгону айтылган.

Эртеси окуя болгон жерге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев барып, чыр чыккан Максат жана Сай айылдарынын тургундары менен жолуккан. Кечээ көз жумган жоокер жерге берилип, тажиясына бийлик өкүлдөрү, ЖК депутаттары катышты

17-сентябрь күнү кечинде Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери жолугуп, абалды жөнгө салуунун жолдорун сүйлөшкөн. Эки тараптын жолугушуусу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрмө пунктунда болду.

Эки тараптын сүйлөшүүлөрү бүгүн да уланары айтылган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.