УКМК жетекчиси мамкомиссияга Кой-Таш окуясы боюнча купуя документтерди көрсөттү

Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын кийинки жыйынына УКМКнын мурдагы башчысы Адил Сегизбаевди, депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова чакырылат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссия Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) имаратында көчмө жыйынга чогулду.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүнө өтө жашыруун делген документтер менен таанышууга мүмкүндүк берди.

Комиссиянын кийинки жыйынына УКМКнын мурдагы башчысы Адил Сегизбаевди, депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранованы чакыруу чечими кабыл алынды.

Кой-Таш окуясы

Кой-Таш окуясы: комиссия Курсан Асанов менен Равшан Жээнбековду укту. Сүрөт
7-августта кечинде Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, ал ишке ашпай, атайын даярдыктагы бир аскер каза болгон. 8-августта укук коргоо органдары Атамбаевдин үйүнө күч менен кирип, мурдагы президент багынып берген.

Эки күндө болгон окуяларда 136 киши ар кандай жаракат алышкан. Кийин Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, анын бир нече жактоочусу кармалган.