Елизавета II Букингем сарайындагы барды жабууну чечти

Букингем сарайында жалпысынан 775 бөлмө бар. Анын 52си уктоочу бөлмө болсо, 78и — ванна. Үй-бүлөгө жалпысынан 188 кызматкер кызмат кылат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Букингем сарайындагы ичимдиктер турчу бар жабыла турган болду. Бул тууралуу Daily Star басылмасы жазды.

Елизавета II сегизинчи чөбөрөлүү болду
Каныша Елизавета II мурдагы маалымат катчысы Дик Арбитердин айтымында, мындай чечим сарайда иштеген кызматкерлер барда көп жүрүп, артынан жыйнабай кеткендиктен кабыл алынган. Арбитер ошондой эле канышанын үй-бүлөсү үчүн салынган бассейн иштей турганын, ага катардагы кызматкерлер да бара аларын белгилеген. Мурдагы катчы жакында телеберүүлөрдө төрт сериядан турган даректүү тасма чыгарын кошумчалаган.

Букингем сарайында жалпысынан 775 бөлмө бар. Анын 52си уктоочу бөлмө болсо, 78и — ванна. Ханышанын үй-бүлөсүнө жалпысынан 188 кызматкер кызмат кылат.