Депутат: чек арада кемпир-чалдар эле калды

Эл өкүлү салык жагынан Баткен облусуна кандай жеңилдиктер каралганына кызыкты. Себеби депутат алыскы аймакка ишкерлер келбей, жаштар кетип жатканын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков алыскы аймактардын экономикалык абалына көңүл буруп, ал жакка ишкерлерди жана жаштарды тартуу керектигин айтты.

Депутаттар жалпы жыйында "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Ал биринчи окууга киргизилет.

Эл өкүлү салык жагынан Баткен облусуна кандай жеңилдиктер каралганына кызыкты.

"Мына, Баткен жергесинен жаштардын баары кетип жатат. Өндүрүш жок. Салык жагынан, бажы боюнча, ишкерлерди тартуу, кызыктыруу боюнча кандай жеңилдиктер бар? Чек араны сактап жаткан биздин жарандарга алкыш айтыш керек", — деди ал.

Жээнбеков чек арада ок жеп Бишкекке алып келинген бейтаптарды көрдү. Сүрөттөр
Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров Баткен облусу преференция берилген аймактарга кире турганын айтып, региондордогу жеке ишкерлер төрт салыктан бошотулганын айтты. Алар: киреше салыгы, сатуудан түшкөн салык, жер салыгы жана мүлккө болгон салык.

Кадыров ошондой эле эгер ишкер Кыргызстандын аймагына товар киргизсе, кошумча нарк салыгын гана төлөй турганын белгиледи.

Эл өкүлү өз сөзүндө Экономика министрлиги аймактарды өнүктүрүү, жергиликтүү ишкерлерди колдоо боюнча иштерди аткарышы керектигин кошумчалады.

"Алыскы аймактарда иштерди аткарсаңар, ал жакта эч кандай өндүрүш иштери жүргөн жок. Жаштарды тартыш керек, биздин жаштардын баары Россияда, Казакстанда, Чүй жергесинде жүрөт. Чек араны коргой турган чал-кемпирлер эле калды. Кечээ күнкү окуяны көрдүңөр. Керек болсо бардык салыктан бошотуш керек, жаштарды ошол жерде жашаганга, иштегенге кызыктырыш керек", — деди ал.

Өз кезегинде Дастан Кадыров депутаттын сунушун эске ала турганын айтты.