Бишкекте жол курууга тоскоол болгон турак үйдүн дарбазасы түрттүрүлдү. Сүрөт

Мэриядан кабарлашкандай, дарбаза муниципалдык аймакта жайгашкан. Документ боюнча үй ээлерине 5,5 сотых жер таандык. Бирок иш жүзүндө 8,5 сотых аянт тосулуп алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкектеги Кара-Көл көчөсүндө жайгашкан №58 үйдүн өз чегинен өтүп салынган дарбазасы түрттүрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилей кетчү жагдай, үйдүн ээлери буга каршы чыгышкан. Алар эшигин ачуудан баш тарткан жана жеринде адвокаты да болгон.

Мэриядан билдиришкендей, турак жай Токтоналиев көчөсүнө келип такалган жерде, "Ала-Арча" дарыясындагы көпүрөнүн аркы бетинде жайгашкан.

Документ боюнча үй ээлерине 5,5 сотых жер таандык, бирок иш жүзүндө 8,5 сотых аянт тосулуп алынган. Анын үч сотых жери муниципалдык аймак болуп эсептелет.

"Бүгүн кызыл чийинден ашып кеткен дарбаза түрттүрүлдү. Себеби ал түндүктү көздөй курулуп жаткан Токтоналиев көчөсүндөгү ишке тоскоолдук жараткан. Кара-Көл көчөсү — Токтоналиевдин уландысы. Биз Кулатов көчөсүнө чейин (15 метр) узарталы деп жатканбыз. Тротуарларды, арыктарды куруу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Москва көчөсүндөгү оңдоо иштери тыгын түйшүгүн жаратты. Видео
Мэриядан Кара-Көл көчөсүндөгү дагы сегиз дарбаза бир метрден төрт метрге чейин муниципалдык аймакка кирип кеткенин айтышты. Үй ээлери менен соттук териштирүүлөр биринчи жылы өтүп жаткан жок. Үч дарбаза боюнча соттун чечими чыгып, жакынкы аралыкта алынат. Дагы бешөө боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, көпүрө аркылуу Токтоналиев көчөсү Медеров менен байланышып, жарандарга шаардын чыгыш жана түндүк тарабына чыгууга жол ачылат. Көпүрөнүн узундугу 35 метр, туурасы 15, тротуарларды кошкондо жалпы аянты 21,5 метр. Көпүрө дээрлик курулуп бүтүп калды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.