Лев Толстой көчөсү качан оңдолуп бүтөрү белгилүү болду

Мэриядан жолду оңдоодон тышкары ага эстакадалык көпүрө куруу каралганын белгилешти. Иштер жакынкы күндөрү жанданат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы Лев Толстой көчөсүн ноябрь айына чейин оңдоп бүтүүнү пландаштырып жатат.

Жакыны күндөрү аталган көчөдөгү курулуш иштери кайрадан башталып, эстакадалык көпүрө бетон менен асфальтталат. 

Лев Толстой көчөсү качан оңдолуп бүтөрү белгилүү болду

"Лев Толстойдогу курулуш иштери Ауэзов жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишине чейин октябрь айынын этегинде толугу менен бүтөт. Ушул эле убакта "Технотоп" ишканасы Достоевский жана 7-апрель көчөлөрүндөгү магистралдык жылуулук тармактарын реконструкциялоону убадалады. Эгер аба ырайы жакшы болсо, бул аймактагы курулуш иштери ноябрга чейин, ал эми Лев Толстой көчөсү жыл аягына чейин оңдолуп бүтөт", — деп айтылат маалыматта.

Узуну 95 метр, туурасы 18 метр болгон эстакадалык көпүрө Лев Толстой көчөсүнүн батыш жана чыгыш тарабын бириктирип турмакчы.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.