Радио

Малдыбаев: Биринчи Май районунда шаардыктар арасында сынак жарыяланды

Биринчи Май районунун акиминин орун басары Адилет Малдыбаев акимчилик эл менен тыгыз иштөө үчүн түрдүү долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгына токтолду.
Sputnik
Малдыбаев: Биринчи Май районунда шаардыктар арасында сынак жарыяланды

Биринчи Май району жашаган үйдү же иштеген мекемени оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү көздөгөн шаардыктарга жардам көрсөтүү максатында конкурс жарыялады. Бул тууралуу Адилет Малдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган конкурс үчүн беш миллион сомго жакын каражат каралган.

"Жашоочулар үйдүн чатырын жабабы, же мекеменин алдын оңдойбу, ага кетчү чыгымдын бир бөлүгүн өздөрү чыгарса, кабатына жараша 80 пайызга чейинки каражат акимчилик тарабынан бөлүнөт. Ал үчүн райондук администрацияга келип, биринчи кабаттагы турак жай коммуналдык чарбасы бөлүмүнө арыз таштоо зарыл. Жарыяланган конкурс 26-сентябрда аяктайт. Катышууну каалаган Биринчи Май районунун жашоочулары, ошол эле турак жай ээлеринин бирикмеси же башка мекемелер бизге кайрылса болот. Аны ишке ашыруу үчүн беш миллион сомго жакын акча бөлүнгөн", — деди Малдыбаев.

Аткаминер район боюнча чарбалык иштерди аткарууга мамлекет бөлгөн каражат абдан аз болуп жатканын кошумчалады.