Миңдеген айдоочу айыпка жыгылды. Салык кызматы эскертүү берди

Эми автоунаа ээлери кечиктирген салыктан башка айып пул жана туум акчасын да кошуп төлөгөнгө милдеттүү.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Автоунаа салыгын өз учурунда төлөбөй калганы үчүн 1036 жаран айыпка жыгылды. Бул туурасында Салык кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, автокөлүктөргө салык төлөө мөөнөтү 2-сентябрда бүткөн. Анын эртесинен тарта эле текшерүү башталып, облустарды кыдыра башташкан. 10 күндүн ичинде 11 миңден ашуун автоунаанын кожоюну текшерилген.

"750 киши салыкты ошол жерден (банк, терминал, мобилдик банкинг) төлөдү. Алар айып пул жана кечиктирген ар бир күн үчүн туум акчасын да төгүшү керек. Мындан сырткары, 3000 айдоочуга автокөлүк салыгын төлөгөндүгүн тастыктаган чаптама берилди", — деп айтылат маалыматта.

Салык кызматы жетишпей калган жарандарды туумун көбөйтүп жибербей, каражатты төгүп коюуну эскертти.

Айдап жүргөн автоунааңызга канча акча суммадагы салык чыга тургандыгын Sputnik Кыргызстан даярдаган калькулятордон билип алсаңыз болот.