Атактуу зергер, президенттик төш белгилерди жасап жүргөн Сырнев каза болду

Виктор Сырнев — дүйнөлүк деңгээлдеги зергер-дизайнер. Ал 78 жашында ооруканада каза тапты. Жакындарынын айтымында, ага операция жасалган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бүгүн таңкы саат төрттөрдө кыргызстандык зергер-дизайнер Виктор Сырнев каза болду. Бул туурасында анын туугандары билдиришти.

Жакындарынын айтканына караганда, анын ички органдарына операция жасалган.

"Анткен менен операция созулуп кетип, үч сааттын ордуна 11 саат жасалды. Наркоздон ойгонгондон кийин жүрөгү көтөрө албай көз жумду. Сырнев 78 жашта эле", — деп айтып берди туугандарынын бири.

Эске салсак, Сырнев Кыргызстандын үч президентине — Роза Отунбаевага, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековго президенттик төш белгилерди жасаган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.