Уйкуну кандыруу үчүн кандай абалда уктоо керек? Кардиологдун кеңеши

Дарыгер күндүз куш уйку салуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алып, адамда сергектикти пайда кыларын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Капталынан жатып уктоо омурткаларга зыяндуу, ал эми көмкөрөсүнөн жатуу адамдын органдарын кысып, дем алууну оорлоштурат. Бул тууралуу кардиолог Валерий Садовой айтканын РИА Новости агенттиги жазды.

Иш үстүндө куш уйку салуу үчүн жетекчинин тилин кантип табыш керек?
Адистин айтымында, эң пайдалуусу — адамдын чалкасынан жатып уктаганы. Ал ошондой эле отуруп алып уктоо ден соолукка болуп көрбөгөндөй зыян алып келерин кошумчалаган. Отуруп уктаганда жүрөккө күч келип, организмдин айрым жерлеринин шишип кетишин шарттайт. Бул өз кезегинде тамырларды чыңалтып, тромбдун пайда болушуна алып келет.

Дарыгер күндүз куш уйку салуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алып, адамда сергектикти пайда кыларын белгилеген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.