Нурмагомедовдун аукционунда Порьенин футболкасы 100 миң долларга сатылды

Мушкерлер беттештен кийин бири-биринин аты жазылган футболкаларды алмашып кийишкен. Көп өтпөй Хабиб футболканы аукционго коюп, түшкөн акчаны атаандашынын кайрымдуулук фондуна которо турганын убадалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Америкалык мушкер Дастин Порьенин россиялык Хабиб Нурмагомедов менен беттеш өткөргөндө кийген футболкасы 100 миң долларга сатылып, каражат кайрымдуулукка жумшалмай болгонун MMA Junkie басылмасы жазды. 

Атаандашын нокаутка кетирген UFC мушкери Хабибге сес көрсөтүп... Видео
Эскерте кетсек, 8-сентябрга караган түнү Нурмагомедов Абу-Даби шаарындагы UFC 242 турниринде Порьени муунтуу ыкмасы менен жеңип, чемпиондук наамын сактап калган. Беттештен кийин мушкерлер бири-биринин аты жазылган футболкаларды алмашып кийишкен. Көп өтпөй Хабиб футболканы аукционго коюп, түшкөн акчаны атаандашынын кайрымдуулук фондуна которо турганын убадалаган.

Маалыматта акчалар Уганда мамлекетиндеги балдар үйүндө жана мектептерде кудук казып берүүгө жумшалары айтылат.

"Бул абдан жакшы. Эми биздин жардам көп адамга тиет. Мен бардык кол сунгандарга ыраазымын", — деген Порье.

Ошондой эле мушкер UFC президенти Дана Уайт дагы жеке каражатынан акчалай жардам берерин билдиргенин кошумчалаган.