Кир жууган машинага тыгылып калган бала. Шымкенттеги окуянын сүрөтү

Келген куткаруучулар темирди кесип, баланын бутун кир жууган машинанын барабанынан чыгарган. Азыр баланын абалы жакшы экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Үч жаштагы баланын буту кир жууган машинанын барабанына кыпчылып калган. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Үч жаштагы бөбөк ойноп жатып, кир жууган машинанын кир сыккан жеринен чыга албай калган. Ата-энеси уулун сууруп чыга албай коюп, Өзгөчө кырдаалдар департаментине жардам сурап кайрылууга аргасыз болгон.

Келген куткаруучулар темирди кесип, баланын бутун кир жууган машинанын барабанынан чыгарган.

Маалыматта бөбөктүн абалы жакшы экендиги айтылды.