Чек ара чырында көз жумган жоокер жерге берилди. Тажияга Абылгазиев катышты

Мухаммедкалый Абылгазиев жоокердин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, мамлекет аларды тийиштүү кам көрүүсүз калтырбай турганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Баткен облусунун Исфана шаарында аскердик милдетин өтөө маалында каза болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын багыттагы "Бөрү" отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, тажияга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. 

Чек ара чырында көз жумган жоокер жерге берилди. Тажияга Абылгазиев катышты

Өкмөт башчы курман болгон Равшан Муминовдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

"Биз оор жоготууга учурадык. Мекени үчүн, улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн өмүрүн берген, өлкөбүздүн чыныгы мекенчил уулунан ажырадык. Баарыбыздын кабыргабыз кайышып, бүтүндөй өлкө кайгырып турат", — деди Абылгазиев.

Баткенден алынган сүрөттөр. Абылгазиев эл жана чек арачылар менен сүйлөштү
Ал жоокердин үй-бүлөсүнө колдоо сөздөрүн айтып, мамлекет аларды тийиштүү көңүл буруусуз жана кам көрүүсүз калтырбай турганын белгиледи.

Маалыматта Муминовдун үй-бүлөсүнө Жогору Кеңештин жана өкмөттүн атынан материалдык жардам көрсөтүлгөнү айтылды.

Маркумдун артында үч бала калды.

Белгилей кетсек, Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 16-сентябрь күнү кечке жуук чыгып, ок атылган. Натыйжада Кыргызстандан бир жоокер каза тапса, тажик тараптан үч аскер кызматкеринин набыт болгону айтылды.