БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында кикбокстун лоу-кик түрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Кечээ башталган турнир бүгүн, 17-сентябрда, жыйынтыкталат. Ага өлкөнүн жети дубанынан келген спортчулар күч сынашууда.
Эркектер салмак категориясынын 10 түрү (51, 54, 57, 60, 63,5, 67, 71, 75, 81, 86, 91 жана 91 килограммдан өйдө) боюнча, ал эми кыздар үч түр (52, 60 жана 75 кг) категориясында рингге чыгып жатат.
Чемпионаттын жыйынтыгы менен курама командага ири мелдештерге катыша турчу спортчулар тандалары айтылды.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.