Камактагы Алмазбек Атамбаев уулу жана аялы менен жолукту

2019-жылы 7-августта Кой-Таш айылында УКМКнын атайын аскерлери Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция өткөргөн. Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, мурдагы президент эртеси гана багынып берген.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-сентябрда, баласы Кадыр Атамбаев жана жубайы Раиса Атамбаева менен жолукту. Бул тууралуу уулу Кадыр Атамбаев Facebook баракчасына жазды.

Ал апасы экөө атасын туулган күнү менен куттуктаганын билдирди.

"Атамды туулган күнү менен куттуктадык. Саламаттыгы жакшы, баскан-турганы тың экен. Акыркы жаңылыктарды айтып берип, жакында ага кайсы адабий китептерди берип жиберүү керектигин сүйлөштүк. Алмазбек Шаршенович тарапташтары менен командасынын мүчөлөрүнө ысык салам айтты", — деп жазды ал.

ИИМ: Атамбаевдин жактоочулары иш менен таанышууну создуктуруп жатат
ИИМдин басма сөз кызматынан бул маалымат боюнча кийинчерээк түшүндүрмө бере тургандыктарын айтышты.

КСДПнын саясий кеңеши Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата боло турчу атайын кечени чек арадагы кырдаалдан улам өткөрбөй кое турууну чечишкен.

Белгилей кетсек, Атамбаев 1956-жылы 17-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында туулган. Бүгүн, 17-сентябрда, ал 63 жашка толду.

Атамбаевдин багынышы

2019-жылы 7-августта Кой-Таш айылында УКМКнын атайын аскерлери Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция өткөрүп, максатына жеткен эмес. Мурдагы президент эртеси гана багынып берген.

Атамбаев бир нече кылмыш иши боюнча айыпталууда. Ал УКМКнын убактылуу кармоо жайына 26-октябрга чейин калтырылган.