Кийинки жылы Бишкекте дагы эки парк ачылат. Эскиздер

Ачыла турчу парктарды долбоорлоодо шаар тургундарынын сунуш-пикирлери эске алынганын айтышты. Эки паркка биригип жалпы жонунан 184,5 миллион сом жумшалмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кийинки жылы Бишкек шаарынын түндүк жана түштүк аймактарында бирден парк ачыларын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Капиталдык курулуш башкармалыгы курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыялады. Мэриядан ачыла турчу парктарды долбоорлоодо шаар тургундарынын сунуш-пикирлери эске алынганын айтышты.

Муниципалитет шаардын түштүк тарабындагы сейил бакка 1916-жылдагы Үркүн окуясына арналган атайын стелла орнотулат. Парк Байтик баатыр менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып, 10 гектарды ээлейт.

"Бул жерде ачык асман алдында ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүүгө болот деп ойлойбуз. Ошондой эле амфитеатр, балдар аянтчасын куруу да каралган. Андан сырткары, веложол дагы салынат", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектеги "Ататүрк" паркындагы үйлөр түрттүрүлө баштады. Сүрөт
Ал эми Манас проспектиси менен Боталиев көчөсүнүн кесилишиндеги парк активдүү эс алууга ыңгайлашат. Аянты 7,5 гектар болгон сейил бактын ичине скейт-парк, мини-футбол, волейбол менен баскетбол аянтчалары да курулат.

Мэриядан кабарлашкандай, эки парктын ичинде тең дааратканалар, машина токтотуучу жай болот.

Шаардын түштүк тарабына салына турчу парктын курулуш-монтаждоо иштери 84 миллион сом болсо, экинчи паркка 58,5 миллион сом коротулат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.