Радио

Осмоналиев: мамлекет өз идеологиясына жараша билим бериши керек

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин профессору Каныбек Осмоналиев өлкөдө орто мектеп менен кесиптик билим берүүнү бириктирүү зарылдыгы бар экендигин айтты.
Sputnik
Осмоналиев: мамлекет өз идеологиясына жараша билим бериши керек

Жалпы билим берүүчү жайларда аты айтып тургандай эле билим берүү бирдей деңгээлде, мектептердин статустары тең болушу шарт. Мындай пикирин Каныбек Осмоналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, окутуунун багытын өзгөртүүнү бүтүрүүчү класстарга, тагыраагы, 9-класстын окуучуларынан баштап киргизген туура болот.

"Жалпы билим берүү деп атаган соң бардык мектептер бирдей деңгээлде окутушу зарыл. Окуучу мектепти бүтөйүн деп жогорку класстарга барып калганда кандайдыр бир кесипти кошо үйрөнүп чыгышы шарт. Бөлүнүү мына ушундай мүнөздө гана жүргөнү туура. Азыркыдай болуп жеке менчик мектептер жакшы окутат, ал эми өкмөттүк окуу жайларда абал начар деген түшүнүк болбошу керек. Анда эмнеге жалпы билим берүү, бирдей программа деп сүйлөйбүз. Муниципалдык мектептердин баркын көтөрүү үчүн мамлекеттик идеологияга дал келген системада билим берилиши шарт. Мындай ыкманы Европа өлкөлөрү 20-25 жылдан бери эле колдонуп келет", — деди Осмоналиев.

Окумуштуу жогорку класстарга жалпы билим берүү менен биргеликте кесип үйрөтүп чыгарууну орто мектептерге жүктөө, башкача айтканда, дуалдык системаны киргизүү мезгил талабы экендигин кошумчалады.