Баткендеги чек ара чырында 12 жаштагы бала ок жеди. Жарадарлардын тизмеси

Чек ара чырында жабырлангандардын жетөө аскер кызматкери болсо, алтоо жай тургундар экендиги маалымдалды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан бир киши каза таап, 13 жаран жарадар болду. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

17-сентябрга карата Баткен облусунун Лейлек райондук ооруканасында 13 киши жатат.

Жабырлангандардын тизмеси:

1. Ж.Б., 1978-жылы туулган. Диагнозу: моюндун жогору жагынан жаракат алган, абалы туруктуу;

2. Болжол менен 12 жаштагы бала. Диагнозу: оң колунун манжаларынын бирине ок тийген жана акырек жагынан жаракат алган. Абалы оор, шок болуп калгандыктан фамилиясын айта албайт.

3. Р.К., 1976-жылы туулган. Диагнозу: оң жамбаш жагынан жаракат алган. Абалы стабилдүү, орточо оор.

4. У.Р., 1973-жылы туулган. Диагнозу: оң жамбаш жагынан жана согончогунан жаракат алган, ок жеген. Абалы стабилдүү, орточо оор.

5. Э.Р., 1973-жылы туулган. Диагнозу: ич жагына ок жеген. Абалы стабилдүү, орточо оор.

6. А.З., 1978-жылы туулган. Диагнозу: далы тарабына ок жеген. Абалы стабилдүү, орточо оор.

7. Т. у Г., 1998-жылы туулган, аскер кызматкери. Диагнозу: оң балтырына ок тийген, абалы орточо оор;

8. М. О., 1997-жылы туулган, аскер кызматкери. Диагнозу: баш мээнин контузиясы (дененин сырты жараланбай эле урунуудан, согулуудан, бир нерсе келип катуу тийүүдөн эт үзүлүү, майып болуу, денеге доо кетүү — ред.). Оң жак төшүнө ок тийген. Абалы орточо оор;

9. С. Ж., 1980-жылы туулган, аскер кызматкери. Диагнозу: санына ок тийген. Абалы орточо оор, стабилдүү;

10. Т. М., 1989-жылы туулган, аскер кызматкери. Диагнозу: ийин тушка ок жеген. Абалы орточо оор, стабилдүү;

11. К. К., 1992-жылы туулган, аскер кызматкери. Диагнозу: төбө чыкыйына ок тийген. Абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө;

12. А.У., 1995-жылы туулган, аскер кызматкери. Диагнозу: ич жагына ок тийген, абалы өтө оор, реанимацияда;

13. Т.у Э., 1989-жылы туулган, аскер кызматкери. Диагнозу: сол жак ийинине ок тийген, абалы оор;

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында чыр 16-сентябрда кечке жуук чыгып, ок атылган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.