Лунара Мамытованын сөзү боюнча вице-премьер Алтынай Өмүрбекова пикирин айтты

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова мугалимдер күнүнө 6 миң сомдон табат экен деп коомчулуктун сынына калган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Sputnik агенттигине маек куруп жатып эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытованын буга чейин айткандарына түшүндүрмө берди.

Мамытова 11-сентябрда Twitter баракчасына башталгыч класстын мугалими күнүнө 6 000 сом табат деп жаза коюп, коомчулуктун сынына калган болчу.

​Вице-премьер Өмүрбекова быйыл 1-октябрдан тарта мугалимдердин айлыктары 30 пайызга чейин жогорулай турганын белгиледи.

Анын айтымында, учурда Бишкектеги мектептерде иштеген мугалимдердин айлыгы сегиз миң сомдон башталат. Мектеп жетекчилиги сабактардан кийин кошумча окутууну киргизе алат, бирок ал система менен иштеген мугалимдер күнүнө алты миң сом таба албайт.

"Жеке репетиторлор саатына 200 сомдон алат. Мектептердеги баалар мындан да аз. Калп айтпасам, бир сабак 44 сомго бааланган. Балким, мугалим сөз болуп жаткан сумманы айына алат чыгар. Же сөз жеке мектептер тууралуу болгондур. Ата-энелер анын баласы менен дагы 20 окуучу окуй турганын билип туруп бир саат үчүн 300 сомдон төлөбөсө керек. Менин оюмча, кошумча сабактар үчүн айына чыккан акча тууралуу сөз болгон болуш керек", — деди вице-премьер.

Өмүрбекова Мамытова менен сүйлөшпөгөнүн, бирок аны менен байланышып окуянын чоо-жайын тактай турганына ишендирди.