Радио

Уролог: спорттук дары-дармекти көп колдонуудан жыныстык мүчө жабыркайт

Кыргыз-орус Славян университетинин медицина факультетинин урология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Чыныбек Алимов учурда тестостерон өңдүү гормоналдык дарыларды өзү билемдик менен ашыкча колдонгон эркектер көп экенин айтты.
Sputnik
Уролог: спорттук дары-дармекти көп колдонуудан жыныстык мүчө жабыркайт

Спорт медицинасында колдонулган айрым препараттар эркектерди убактылуу тукумсуздука алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Чыныбек Алимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дене бойдун өзгөрүшүнө алып келчү кандай гана дары-дармек болбосун, колдонуудан мурун сөзсүз дарыгерлер менен кеңешүү керек.

"Спорттук дары-дармектерди колдонуу менен тез арада келбеттүү болуп алууга болот. Бирок аны колдонуудан мурун сөзсүз тийиштүү адистер жана дарыгелер менен кеңешип алуу керек. Анткени гормоналдык дарылар айрым адамдарга пайдасын алып келсе, башкаларга терс таасирин тийгизет. Мисалы, эркектер тестостерон сайма дарысын ашыкча колдонсо, убактылуу тукумсуз болуп калат. Себеби аталган дарыны чектен аша колдонуудан жыныстык мүчө жабыркайт", — деди уролог.

Ошондой эле ал салмактуу эркектердин тестостерону төмөн болорун айтып, мындан улам алар олуттуу ооруларга эрте чалдыгарын кошумчалады.