Троллейбустан кемпирди кууп чыккан айдоочу иштен алынды. Видео

Эркек кишинин жоругу тартылган видео социалдык тармакка тараган. Окуя кечээ №11 троллейбуста болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкекте коомдук транспорттон улгайган аялды түшүрүп салган троллейбустун айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.

Буга чейин эркек кишинин кемпирди кууп чыгып, баштыгындагы нерсе сасып жатканын айткан видеосу Instagram тармагында пайда болгон. Айдоочунун аз жерден күч колдоно жаздаганын көрүүгө болот.

Мэрия окуя 15-сентябрь күнү №11 троллейбуста болгонун айтты. Бул жоругу үчүн айдоочу Эмгек кодексинин 83-беренеси ("Жумуш берүүчүнүн демилгеси менен эмгек келишимин бузуу") иштен алынып, улук айдоочуга сөгүш жарыяланып, депонун директоруна дисциплинардык чара колдонулган.

Шаардык муниципалитет болуп өткөн окуя үчүн кечирим сураган.