ТИМ чек арадагы атышуудан канча аскер окко учуп, канчасына ок тийгенин айтты

Айдарбеков тажик аскерлери биринчи ок чыгарып, минометтен аткылаганын айткан. Ал эми Чек ара кызматы атышуу кечки 19:30дар чамасында болгонун, саат 21:30га карата алынган маалымат боюнча атышуу токтогонун кабарлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен Кыргызстандын Максат жана Сай чек ара бекеттеринин аткылоого алынышы боюнча телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүү маалында Айдарбеков атышуунун кесепетинен кыргызстандык бир жоокер каза болгонун айткан.

"Айдарбеков тажикстандык кесиптешине атышуудан кыргызстандык бир чек арачы каза болуп, экөө жаракат алганын кабарлады. Андан сырткары, чек ара бекети менен Кыргызстандын жарандарынын үйлөрү жабыркаганын баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Айдарбеков, андан сырткары, тажик аскерлери биринчи ок чыгарып, минометтен аткылаганын айткан.

Кыргызстандын коңшулар менен эмне талашы бар. Чек ара боюнча атайын өкүл менен маек
Буга чейин Чек ара кызматы атышуу саат 19:30дар чамасында болгонун, 21:30га карата алынган маалымат боюнча атышуу токтогонун кабарлаган. 

Белгилей кетсек, окуянын чыгышына тажик тараптын такталбаган аймакта курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. Ага жооп кылып чек арага жакын жайгашкан айылдагы (Кыргызстан тарап) тургундар өз үйүнүн короосун тосушкан. Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү курулуш иштерин токтотуу боюнча макулдашкан. Болгон сүйлөшүүлөргө карабастан Тажикстандын чек арачылары курулуш иштерин токтоткон эмес. Аларга жооп кылып кыргыз тарап дагы курулуш иштерин уланткан.