Өкмөт башчы чек араны коргоону күчөтүүнү тапшырды

Премьердин тапшырмасы менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна барат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, чек арадагы райондордун жашоочуларынын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын баса белгилеп, мамлекеттик чек араны коргоо жана сактоо чараларын күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев курал колдонуунун кесепетинен Кыргызстандын бир чек ара кызматкери каза болгонун айткан.
Өкмөт башчы чек араны тактоо жана буга чейин мамлекеттик деңгээлде жетишилген макулдашууларды кароодо конструктивдүү мамилелерди колдоо керектигин белгилеген.

"Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырган премьер-министр өз ара ишеним, буга чейин жетишилген макулдашууларды милдеттүү түрдө аткаруу жана эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынган шартта гана чек ара маселесин оң жагына чечүүгө жетишсе болорун белгиледи. Өкмөт башчынын тапшырмасы менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна барат", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине чек ара окуясында жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

ТИМ чек арадагы атышуудан канча аскер окко учуп, канчасына ок тийгенин айтты
Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тажикстандык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшкөн болчу. Ал эми Чек ара кызматы атышуу саат 19:30дар чамасында болгонун, 21:30га карата алынган маалымат боюнча атышуу токтогонун кабарлаган.
Белгилей кетсек, окуянын чыгышына тажик тараптын такталбаган аймакта курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. Ага жооп кылып чек арага жакын жайгашкан айылдагы (Кыргызстан тарап) тургундар өз үйлөрүнүн короосун тосушкан. Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү курулуш иштерин токтотуу боюнча макулдашкан. Болгон сүйлөшүүлөргө карабастан Тажикстандын чек арачылары курулуш иштерин токтоткон эмес. Аларга жооп кылып кыргыз тарап дагы курулуш иштерин уланткан.