Дүйнөдө нефтинин баасы 19 пайызга өстү. Себеби эмнеде?

Ишемби күнү нефть казган ири үч компаниянын катарына кирген ишкана дрондун чабуулуна калган. Анын кесепетинен нефть казуу солгундай түштү.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Сауд Аравияда нефть казуу солгундап кеткендиктен анын баасы 19 пайызга чейин өскөнүн РИА Новости агенттиги жазды.

Орто эсеп менен нефтинин баасы 12-13 пайызга өссө, айрым жерлерде 19 пайызга чейин жеткен.

Сагынбаев: Кыргызстанда нефть чалгындоо иштери жүрөт
Brent үлгүсүндөгү нефть базар ачылганда баррели 67,8 доллар болуп, кийин 71,62 долларга жеткен.

Дүйнөдө нефтини ири импорттоочулардын бири жана казуу жагынан үчүнчү орунда турган Сауд Аравиянын нефть чыккан кендерине дрондон чабуул болгондон кийин казуу иштери солгундай түшкөн. Мурда суткасына 9,8 миллион баррель казылса, учурда анын көлөмү 5,7 миллион баррелге чейин азайган. Расмий Эр-Рияд казылган нефтинин көлөмүн дүйшөмбү күнү калыбына келтиребиз деп ишендирди.