ЕЭК министри "Торугарт" өткөрүү пунктунун жаңыланышы менен таанышты

Көзөмөл өткөрүү пункттарын оңдоо үчүн техникалык жардамды Россия берүүдө. Ал жакка инспекциялык-кароо комплекси орнотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын бажы тармагында кызматташуу боюнча министри Нурлан Акматов Нарын облусундагы "Торугарт" өткөрүү пунктунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Акматовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев коштоп жүрдү. Алар Россия тарабынан берилген техникалык жардамдын өздөштүрүлүшү менен таанышкан.

Көзөмөл өткөрүү пунктунда инспекциялык-кароо комплекси орнотулган. Ошондой эле тазалоо, дезинфекциялык машина, коргоо системасы, көзөмөлдөө жабдуулары да коюлган.