Кыргыз-тажик чек арасы: атышуудан аскер каза болгону айтылууда. Азыр абал кандай?

Окуянын чыгышына тажик тараптын такталбаган аймакта курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. Ага жооп кылып кыргыз тараптагылар да үйлөрүнүн короосун тосушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, тажик тарап биринчи болуп Кыргызстандын Максат айылындагы чек ара бекетин жана убактылуу коюлган Сай чек ара бекетин аткылаган.

"Алдын ала маалымат боюнча, Чек ара кызматынын бир аскери каза болду. Саат 21:30га карата алынган маалымат боюнча атышуу аяктады. Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү мындан ары окуянын ырбап кетпеши үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Тажик тарап чек аранын такталбаган жериндеги иштерин улантууда
Чек ара кызматы андан сырткары болжол менен саат 19:30дар чамасында тажик аскерлери өтө одоно түрдө Кыргызстандын жарандарынан курулушту токтотууну талап кылышканын, алардын кайым айтышуусу атышууга чейин жеткенин кошумчалады.

Окуянын чыгышына тажик тараптын такталбаган аймакта курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. Ага жооп кылып чек арага жакын жайгашкан айылдагы (Кыргызстан тарап) тургундар өз үйүнүн короосун тосушкан. Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү курулуш иштерин токтотуу боюнча макулдашкан. Болгон сүйлөшүүлөргө карабастан Тажикстандын чек арачылары курулуш иштерин токтоткон эмес. Аларга жооп кылып кыргыз тарап дагы курулуш иштерин уланткан.